Садыр Жапаров жарандарды иши менен мекенге болгон сүйүүсүн далилдөөгө чакырды (видео)
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-сентябрда Талас шаарынын борбордук аянтында өткөн Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган иш-чарага катышты.
Өз сөзүндө өлкө башчысы өлкөнү бекемдөөнүн жана андан ары өнүктүрүүнүн негизги шарттары — элдин биримдиги жана биргелешкен эмгек экенин өзгөчө белгиледи.
“Кыргызстандын эгемендигинин 35 жылдык соңку тарыхы бизге чоң сабактарды калтырды. Албетте, оңой боло койгон жок. Түркүн сыноолорду баштан кечирдик, жаңылдык-жаздык, ийилдик, бирок сынган жокпуз. Жол издедик, тажрыйба топтодук, акыры өзөгүбүздү таанып, уңгу жолубузга кайта баштадык. Эң башкысы – өткөндөн сабак алып, элдүүлүгүбүздү чыңдап, жаңы Кыргызстанды куруу жолунда баратабыз.
Биздин мүдөөбүз – билимдүү жаштардын катарын көбөйтүп, ар бир үй-бүлөнүн эртеңки күнгө ишеним менен кароосуна шарт түзүп берүү менен өнүккөн Кыргызстанды түптөө!”,- деп белгиледи мамлекет башчысы.
Президент элдин биримдигин сактоого, эгемендүүлүктү көздүн карегиндей коргоого жана ар бир адамды өз иши менен мекенге болгон сүйүүсүн көрсөтүүгө чакырды.
Садыр Жапаров: “Кыргызстандын эгемендигинин 35 жылдык соңку тарыхы бизге чоң сабактарды калтырды"
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















