Оппозициянын Бишкектеги митингинде "Парламент кетсин!" деген ураан айтылууда

Бүгүн, 24-апрелде Бишкектеги оппозициянын митингине чогулгандар Жогорку Кеңештин депутаттарынын чыгып митингчилерге жолугуусун талап кылышууда. "Ата Журт" партиясынын төрагасынын орун басары Данияр Жаныкулов “азыр депутаттар эл алдына чыгышсын. Болбосо, биз аларга барабыз”,- деп билдирди. Чогулгандар “парламент кетсин!”, деген ураанды айтышууда. Ал эми нааразычылык акциясынын башында турган Азимбек Бекназаров митингчилердин Ак үйгө кирүүсүнө жол бербей турганын айтты. "Тынчтык митингинин катышуучулары Ак үйгө кирбейт. Эгерде кирүүгө аракет кылгандар болсо, анда алар чагымчылдар",- деди Бекназаров.
Бишкектеги митинг...
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

