super.kg logo

Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун курулушунун 1-фазасына кошумча 56 миллион доллардан ашуун каражат бөлүнөт

 

Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун курулушунун 1-фазасына кошумча дагы 56 миллион 268 миң 44 доллар каражат бөлүнмөкчү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында айтылган. Эскерте кетсек, Жалал-Абад жана Балыкчы шаарларын туташтыруучу курулуп жаткан альтернативдүү жолдун жалпы узундугу 433 чакырымды түзөт, курулушуна 850 миллион доллар жумшалмак.

Баштапкы айтылган каражатка кошумча каражат куруу иштериндеги өзгөртүүлөргө жана жолдун алгачкы долбоорунда каралбаган жагдайларга байланыштуу экенин Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун курулушунун 1-фазасынын техникалык көзөмөлдөө кызматынын жетекчиси Кубанычбек Ормонов SUPER.KG порталына бүгүн, 21-декабрда билдирди.

Анын айтымында, жолдун курулушу менен чогуу деталдуу долбоор дагы башталган. Дал ушул долбоордун эсеби менен жолдун курулушунун 1-фазасына гана 56 миллион 268 миң 44 доллар кошумча каражат керектелет.

"Техникалык-экономикалык негиздеме боюнча так эмес, болжолдуу эсептөөлөр жүргүзүлөт. Ал эми деталдык долбоор курулуш менен бирге жүргүзүлүп, ага кетчү каражат так эсептелет. Деталдуу долбоор менен алгачкы техникалык-экономикалык негиздеме боюнча эсептер дал келбей калышы мүмкүн. Кээ бир жеринен үнөмдөлсө, кээ бир жеринен кошумча каражат талап кылынат. Мындай ири курулуштарда кошумча каражаттын керектелиши кадимки көрүнүш. Алгачкы түзүлгөн долбоордо каралбай калган жагдайлар иштелип чыккан соң, эсептөөлөр жүргүзүлүп, так сумма айтылат", - дейт жетекчи.

Учурда жолдун эң бийик делген жеринде - Көк-Арт ашуусунда курулуш жүрүп жатат. Аталган ашуу деңиз деңгээлинен 3300-3400 метр бийиктикте болсо, тоннель 2500 метр бийиктикте өтөт.

"Тоннель эки жагынан казылып жатат. Баштапкы долбоор боюнча казылчу жер катуураак болот деп болжолдонгон, тилекке каршы, түштүк тарабында жер жумшак жана суулуу болуп жатат. Андыктан тоннелди бекемдөөдө оорчулук жаралып, убакыт боюнча пландалган мөөнөттөн кеч бүтөт", - дейт
К.Ормонов.

Азырынча курулуштун 1-фазасына 3 өзгөртүү киргизилди:

  • Салына турган тоннелдин узундугу буга чейин 3700 метр деп көрсөтүлсө, учурдагы долбоор менен узундугу 3815 метрди түзөт. Себеби тоннелдин башталышы кар көчкү жүрүү коркунучу бар аймакка туура келип калган.
  • 1-фазада курула турган жол тилкесинде кар көчкү жүрүү коркунучу бар 5-6 жерге кар галереялары (кардан сактоочу тоннель сыяктуу курулуш) кошо курулат.
  • Деталдуу долбоор боюнча тоннелге керектелчү электр энергиясынын көлөмү жогорулаган. Ага байланыштуу буга чейин каралган 10 киловаттык кабелдерге кошумча 35 киловаттыктар да тартылып жатат. Себеби тоннелди бир эле тараптуу эмес, эки тараптуу электр энергиясы, желдетүү системи менен камсыз кылуу зарыл. Ошондой эле тоннелге муз тоңбош үчүн электр жылытуучу жабдуулар да коюлмай болгон.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(12)
21.12.2016. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
админ айтып койгулачы жалалабаддан балыкчыга чейин 433км бы же Оштон Бишкекке чейин 433 км болуп калабы
22.12.2016. 09:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
MAKALAK, Жалал-Абад жана Балыкчы шаарларын туташтыруучу курулуп жаткан альтернативдүү жолдун жалпы узундугу 433 чакырымды түзөт.
21.12.2016. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куда кааласа оштон ысык колго прямой барып калабыз
21.12.2016. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айта берип жададым тундук туштук эмес кайсы областтан башталып кайсындан бутот атынан жазса ато итак эл эми унутуп калганда тундук туштукту
21.12.2016. 23:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Онуксун Кыргызстан! Молодец Алмаз Шаршеночич!
22.12.2016. 06:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ABDISHkg87, сенин "шефин" оз чонтогунон акча чыгарып, же бизнесинен каражат болуп, болбосо экономиканы которуп, ошондон тушкон акчага жол куруп жаткан жери жок. Жол тыштан алынган карыз/кредиттин эсебинен курулуп жатат. Ошондо да жолго болунгон акчанын эч болбосо 1/3 "левый" чонтокторго кетет, б.а.жол куруу баюнун бир жолу бийликтеги айрым чиновниктер жана транспорт министри учун. Мен президент болгонумда ушул жолдун ордуна тундук-туштукту (Жалал-Абад -Балыкчыны) бириктирген
Revolyutsiya түзөттү 2016-12-22 06:25:47
22.12.2016. 06:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
темир жол курдурмакмын. Анткени азыр олко учун 2-Ош-Бишкек кара жолуна караганда темир жол кобуроок керек. Эгер Бишкектен Ошко темир жол болгондо озубуздун, (учурда Бишкектен Ошко жоногон поезд Казахстан менен Озбекистанды аралап аран жетет) Бишкек-Ош багытында ташылып жаткан бардык ГСМ ж.б.жуктор поезд менен ташылып, учурдагы Ош-Бишкек жолундагы оор жук ташуучу унаалар дээрлик жоголмок. Бул ташылган жукторго болгон чыгымды да азайтмак, кара жолдун талкалануусун да алдын алмак.
Revolyutsiya түзөттү 2016-12-22 06:26:42
21.12.2016. 23:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ сураныч,тактоо иретинде айтып койсонуздар, 433км Оштон> Бишкекеби,же кандай?
22.12.2016. 00:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Бул жол Ошко эч кандай тиешеси жок бул жол Жалал абадтан башталып Ыссык кол облусунун Кара кол шаарынан бутот ошол эки шаардын ортосу 433км.
22.12.2016. 06:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ERCHOROEV,мен билгенден Ош-Бишкек жаны жолунун узундугу 433 км. Бирок бул жолдун баары курулбайт. Курулуучу участок Балыкчыдан Казарманга чейинки жол кенейтилип башынан курулат, Казарман Жалал-Абад ортосуна жаны жол тушот (айрым жерлерде, айрыкча Сузактагы жол кенейтилет). Жалал-Абадда 2-жол биринчи Ош-Бишкек жолуна биригет Жалал-Абад - Ош багытында. Туштуктон колго эс алууга жоногондорго, жол бир топ кыскарат, Балыкчыдан колго бурулушат.
Бул менин тушунуум боюнча.
22.12.2016. 01:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кайсы жылга барып бутотекен
22.12.2016. 06:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
joysin777, бийлик жолго болунгон акчаны улам улам жей берсе Камбар-Ата ГЭСтерине окшоп узарып отуруп аягына чыкпай да калышы мумкун. Баштапкы план боюнча 2017 бутуусу керек эле, эми 2018, 19, 2020га жылдырып жатышат. Аман болсок коро жатаарбыз...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: