Орусия бир нече шаарындагы аба каттамдарына Тажикстандын Дүйшөмбү шаарына учууга тыюу салды
Орусия Краснодар, Красноярск, Уфа жана Челябинск шаарларынан Тажикстандын Дүйшөмбү шаарына уча турган аба каттамдарын токтотту. Бул тууралуу бүгүн, 26-декабрда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, тажик делегациясы менен Орусия тараптын 22-декабрда Москвада өткөн сүйлөшүүлөрүнөн жыйынтык чыккан эмес. Жолугушуудан кийин Орусия тажикстандык "Сомон Эйр" авиакомпаниясынын аба каттамдарын токтоткон.
Эске салсак, бир апта мурда Тажикстан "Жуковский" аэропортунан “Ямал” авиакомпаниясынын учууларын кабыл албай тургандыгын жарыялаган. Азырынча Тажикстандын Орусияга болгон каттамдарына канчага чейин тыюу салынары белгисиз. Орусия буга чейин тажик тарапка коюлган милдеттенмелер аткарылбаса, каттамдар токтотуларын айтып келген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:16
2025-07-03

16:30
2025-07-03
15:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

Бизде арзан бирок милициялар кун корсотпойт.Биз менен 10дон ашык тажик учту Ошто пограничниктер эрчитип чыгып таксистерге сатып атканын кордум тезиреек кетип калгыла деп таксистерден ар бир адамга акча алып жонотту