Ошто орусиялык учак кырсыгынан курман болгондорду эскеришти
Ошто орусиялык учак кырсыгынан курман болгондорду эскеришти. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ош шаарынын тургундары 26-декабрда Орусия Федерациясынын Оштогу Башкы консулдугунун имаратына гүлчамбарларды коюшкан.
"Митинг-реквиемге мэриянын өкүлдөрү, Оштогу Орусия мамлекеттик университетинин окутуучулары, журналисттер, тургундар катышып, каалоочулар консулдуктун журналына кайгыга ортоктош экенин жазып жатышты", - деп жазылат маалыматта.
Эскерте кетсек, Орусиянын Коргоо министрлигинин Ту-154 учагы кырсыкка кабылып, Кара деңизге кулап түшкөн. Учакта 9 журналист, 64 музыкант жана экипаж мүчөлөрүн кошкондо 92 адам болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:34
2025-11-10
15:57
2025-11-09
15:47
2025-11-09
15:11
2025-11-09
14:28
2025-11-09
Рейтинг:
0
0

Супер-Инфо
super.kg видео


















ишин не сенин
Суроо жообун Алла озу алат.