super.kg logo

Учак кырсыгынан каза болгон экипаж мүчөлөрүнүн үчөөсүнүн сөөгү мекенине жөнөтүлдү

 

Учак кырсыгынан каза болгон экипаж мүчөлөрүнүн үчөөсүнүн сөөгү мекенине жөнөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 19-январь күнү өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, "Жүк 200" бүгүн саат 07:55 чамасында №349-авиакаттам аркылуу Бишкек-Стамбул багытында жөнөтүлдү.

Кечээ, 18-январда экипаж мүчөлөрү Ибрагим Даранжы, Казым Өндүл жана Ихсан Кожанын жансыз денелери Түркиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилигине өткөрүлүп берилген. Ал эми төртүнчү экипаж мүчөсү Мелих Асландыкы делген сөөк өлүк сактоочу жайда. Учурда тиешелүү экспертизалар жүрүүдө. Аныкталган соң мекенине жөнөтүлөт.

Айта кетсек, 16-январда Чүй облусундагы Аэрофлот дачалык тилкесине Түркиянын жүк ташуучу учагы кулап түшүп, кырсыктын кесепетинен 34 Кыргыз жараны жана 4 экипаж мүчөсү каза тапкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
19.01.2017. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
тортунчусу кана не болду
19.01.2017. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
MAKALAK,маалыматты окуп анан жазсанар! Олукканада деп турат го
19.01.2017. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тортунчусу олукканада болсо чыгарып чогуу эле жонотушбоптурда да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: