super.kg logo

Узаган дем алыш күндөрү милиция кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз сакталган 6 даана ок атуучу курал алынды

 

Узаган дем алыш күндөрү милиция кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз сакталган 6 даана ок атуучу курал алынды. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Жети-Өгүз районунда 35 жаштагы тургуну А.К. аттуу тургундан ТОЗ 8 жана Талас шаарында 47 жаштагы У.А. аттуу жарандан аңчылык куралы алынган. Жарандарда ок атуучу куралга тиешелүү эч кандай документтери болгон эмес.

Ошондой эле Ноокат районунда Субару Аутбек улгүсүндөгү унаанын ичинен 35 жаштагы Б.Бга таандык револьвер куралы 4 даана патрону менен жана Баткен районунда 40 жаштагы Т.Бга таандык ТОЗ 8 ок атуучу куралы табылган. Мындан сырткары Бишкекте милиция кызматкерлери тарабынан 24 жаштагы тургундан травматикалык ок атуучу курал жана Өзгөн районунун тургунунан мылтыктын мээлегичи алынган. Эске сала кетсек, мыйзамга ылайык жарандарга өзүн коргоо максатында ок атуучу жана суук куралдарды алып жүрүүгө жана ташууга тыюу салынат. Мындан сырткары мыйзамсыз курал сактоо жана сактоо эрежелерин бузган жарандарга административдик жазалар каралган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: