Өткөн суткада өлкөдө 7 өрт кырсыгы катталып, Сузак районунда мал сарайдын чатыры күйдү
Өткөн суткада өлкөдө 7 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 14-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымат боюнча, Чүй облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 3, Ош облусунда 1 өрт кырсыгы катталды.
Кечээ, 13-февралда саат 13:00 чамасында Сузак районуна караштуу Үлгү айылында мал сарайдан өрт чыкты. Натыйжада шифер жабылган мал сарайдын чатыры жана 20 даана беде түк чөп күйгөн.
Өрт балдардын от менен болгон шоктугунан улам чыкты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:23
2025-07-14

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.