super.kg logo

Ат-Башы районунда кардын салмагын көтөрө албай турак үйлөрдүн чатырлары сынууда

 

Ат-Башы районунда кардын салмагын көтөрө албай турак үйлөрдүн чатырлары сынууда. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 11-12-февраль күндөрү Ат-Башы районунун аймагында жааган кардын кесепетинен айрым турак жайлардын чатырлары кардын салмагын көтөрө албай түшүп кеткендиги боюнча 14-февралда Ат-Башы, Баш-Кайыңды, Ак-Муз айыл аймактарынын тургундарынан билдирүүлөр түшкөн.

"Райондук Жарандык коргонуунун комиссиясы жеринде көрүп, тактоо иштерин жүргүзүүнүн натыйжасында Ат-Башы айыл аймагынан 2 турак үйдүн чатыры, Баш-Кайынды айыл аймагынан 1 турак үйдүн чатыры кардын салмагын көтөрө албай түшүп кетип, шиферлери сынган. Ошондой эле Ак-Муз айылындагы мурда конторага ылайыкташылып салынып, кийин жардамга муктаж айыл тургундарына берилген эки кабаттуу имараттын чатырынын тирөөч жыгачтары сынып, чатыры толугу менен түшүп кеткен. Жарандык коргонуунун комиссиясы тарабынан материалдык чыгымдын тактоо иштери жүргүзүлүүдө", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
15.02.2017. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жалкоолонбой тазалап койсо болбойбу ? Түшүп кеткинче жата бергендин ордуна, жарым жартылай тазаласа да болот.
15.02.2017. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туура айтасын.
15.02.2017. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизге кар жаабай эле ээрип бутуп калды Караколдо, кун жылып жылан баштанып калыштыго 12-14фев.женил кийинип калдык..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: