super.kg logo

Акыйкатчы айылдык кеңештин депутатынын өлүмү боюнча ишти өз көзөмөлүнө алды

 

2015-жылдын 12-август күнү Ак-Талаа районунун Терек айылындагы сарайлардын биринен Терек айылдык кеңешинин мурдагы депутаты С.Чоюбековдун жансыз денеси табылган. Акыйкатчы институтунун бүгүн, 15-февралда тараткан маалыматына караганда, аталган факт боюнча райондук жана облустук ички иштер бөлүмдөрү суицид деген негизде 4 жолу кылмыш ишин козгоодон баш тарткан. Маркумдун жакындары киши колдуу болгонун айтышып, сотко кайрылышкан.

Ал эми 2016-жылдын 4-мартында Ак-Талаа райондук соту райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү Г.Болотованын кылмыш ишин козгоодон баш тартуу токтомун жокко чыгарган. Кийин ал чечимге райондук прокуратура даттануу келтирген. Ошентип иш Жогорку Сотко чейин жеткен. Жогорку Сот болсо райондук соттук чечимин күчүндө калтырган.

"Бирок ушул убакка чейин Ак-Талаа РИИБ жана Нарын ОИИБ соттун чечимин аткарбай келет. Бул иш боюнча Акыйкатчы институту 2016-жылдын 19-декабрында соттук процесстерге мониторинг жүргүзгөн. Учурда иш акыйкатчы Кубат Оторбаевдин өз көзөмөлүндө", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: