Аскер Сотунун мурдагы төрагасы "50 миң доллар пара талап кылган" деп айыпталууда
Аскер Сотунунун мурдагы төрагасына “опузалап акча талап кылуу” жана “пара алуу” беренелери боюнча кылмыш иш козголду. Бул тууралуу бүгүн, 25-февралда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2016-жылдын 21-сентябрында Башкы прокуратурага Ш.Б. жана К.Б. аттуу эки жаран кайрылган. Анда Аскер сотунун төрагасы А.Н. ишти оң жакка чечип берүү үчүн 50 миң доллар талап кылганы айтылган. Анын негизинде 2017-жылдын 17-февралында А.Н. кармалып, айыбы угузулган. 19-февралда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен үй камагына чыккан. Учурда иш Бишкек шаардык сотунда каралуу алдында турат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:00
2025-07-16
Рейтинг:
0

Азыр тоок уурдаган же индюк уурдагандар отурат түрмөлөрдө.