super.kg logo
  Саясат  

"Ата журтчу" 3 депутат боюнча өтүп жаткан сотто SUPER.KG порталынын кабарчысына катышуучулардын бири кол көтөрдү

 

Бүгүн, 2-майда Бишкек шаардык сотунда "ата журтчу" 3 депутат боюнча өтүп жаткан соттук отурумда жыйынга катышуучулардын бири менен кесиптешибиз Ширин Жумадилованын ортосунда түшүнбөстүк жаралып, сотко катышуучу аял журналистке кол көтөрдү. Кабарчыбыздын айтымында, аталган аял андан орун бошотуп берүүнү талап кылган.  

"Ал аял кыйкырып келип, мени ордумдан турушумду талап кылды. Мен отурган орун ага гана тиешелүүдөй атырылды. Мен ага бул кылганы туура эмес экенин айтайын десем, колумдан тартып нетбук жана фотоаппаратыма асылды",- дейт кабарчыбыз.  

 

Мындан сырткары аталган аял журналисттин адамдык абийирине шек келтирген адепсиз сөздөрдү да айтып кыйкырды. Жаалданган аял журналисттин баштыгынан бери жулкулдатып тартып, акырында ал орун бошотуп берүүгө аргасыз болду. 






Ташиевчилердин журналисттерге болгон мамилеси

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: