super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 20-МАРТ: 51 жыл мурун футбол боюнча Жюль Римэ кубогу уурдалган

 

1966-жылы 20-мартта футбол боюнча Жюль Римэ кубогу уурдалган. Ал жылы жайында Англияда кезектеги дүйнө чемпиондугу өтмөк жана алдын ала алынып келинген кубок эл үчүн көргөзмөгө коюлган. Анын коопсуздугун камсыз кылуу ондогон кайтаруучуларга жүктөлгөнүнө карабастан, сыйлык белгисиз шарттарда “көздөн кайым” болгон.

Бул окуя Англиянын аброюна бир топ эле доо кетирген. Аны тапканга кубоктун өздүк баасынан 3 эсе кымбат сыйлык – 30 миң доллар убада кылынган. Ушундай татаал, баш аламан кырдаалда англис улутунун аброюн жөнөкөй ит сактап калган. Кубок уурдалганынан 7 күндөн кийин матрос Дэвид Корбетт ити менен күндөгүдөй сейилдөөгө чыккан. Күтүлбөгөн жерден итинин бир бадалдын астын чукуп баштаганына таң калат. Дэвид табылганы караса, уурдалган Жюль Римэ кубогу болуп чыккан. Ушул окуядан кийин аталган ит жалпыга таанымал каарманга айланган. Атайын иттерге тамак чыгаруучу компаниялардын бири аны мыкты тамактар менен камсыз кылган.
20-марттын жылнаамасы.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: