super.kg logo

"Вечерний Бишкектин" мурдагы ээси Александр Ким Каржы полициясына суракка келди

 

Бүгүн, 22-мартта саат 14:00дө "Вечерний Бишкектин" мурдагы ээси Александр Ким Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына келди. Учурда ал сурак берүүдө. Кимди колдоо максатында келген анын кесиптештери сыртта күтүп жатышат.

17-мартта саат 18:30 чамасында аталган кызматтын өкүлдөрү А.Кимди суракка алып кетүү үчүн анын үйүнө келишкен. Бирок Кимдин жакындары жана кесиптештери каржы полициясынын бул аракети мыйзам бузуу экенин айтышып, мекеменин өкүлдөрүнө бөгөт коюшкан. Жыйынтыгында Ким 22-мартта саат 14:00дө Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына суракка баруу тууралуу милдеттенме жазган.

Айта кетсек, Александр Кимдин айынан көп жылдык кирешеден куру калганын айткан Александр Рябушкин 2015-жылы өз пайдасына Александр Кимден 388 миллион сом өндүрүп берүүнү соттон өтүнгөн. Сот ал талапты канааттандырган, бирок Кимдин мүлкү жок болгондуктан аталган сумма табылган эмес. Рябушкин анын ордуна Кимге таандык акцияларды өткөрүп берүүнү өтүнгөн. Биринчи Май райондук соту бул өтүнүчтү канааттандырып, Рябушкин “Рубикондун” 100 пайыз ээси болуп калган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: