super.kg logo

Ошто Сирияда жүрүп келген адам кармалды

 

Ошто Сирия мамлекетинде "Джебхат ан-Нусра" тобунда 3 ай жүрүп келген Ош шаарынын 25 жаштагы тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-апрелде Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал Орусиянын Оренбург шаарында автоунаа алып-сатуу менен алектенип жүргѳн маалда эки чечен улутундагы адамдар алдап Сирияга жөнөтүп жиберишкен. Ал өз көрсөтмөсүндө Сирияда 2015-жылы февраль-апрель айлары жүргөнүн билдирип, төмөнкүлөрдү айтып берди.

"Оренбургда жүргөн учурда эки чечен бала менен тааныштым. Алар мага Ислам дини тууралуу көп нерселерди айтып, видеолорду, сүрөттөрдү интернеттен жөнөтүп, жолугушканда телефонунан көп көрсөтүп, Сирияда мусулмандарга жардам берүү керектигин көп айтышчу. Мени барууга тынбай үндөп жатышты. Анан мен акыры барууну чечтим. Билетти да алып беришти. Айтканындай эле мени аэропорттон бир түрк киши тосуп алып, чек арадан Сирияга өткөрүүгө жардам берди. Мен 2 ай машыгуучу лагерде болдум. Лагерде 10го жакын Кыргыз жарандары болгон. Куранды, ислам ибадаттарын, курал атууну, күрөшүү, мушташуу ыкмаларын үйрөттү. Эки айдан соң мени «ганибат» деген топко кошушту, ал топтун максаты бай адамдардын байлыктарын тоноо жана өзүбүздүн командирлерибизге "Ислам мамлекети" үчүн берүү болчу. Ушундай максатта, машыгып бүткөн соң мени дагы эки шеригим менен Түркияга жөнөтүштү. Түркияга келгенде полицияга колго түшүп калдым. Алар мени Кыргыз Республикасына жиберишти", - деди кармалган жаран милицияга.

Ош ШИИБинен билдиришкендей, ал алгачкы иликтөө иштери аяктаган соң УКМКга өткөрүлүп берилмекчи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
03.04.2017. 21:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бул жетимдин бетин корсотуп эле койбойсунарбы. Буга окшогон ХХХ олум атып эле салгылачы сот пот кылбай эле сурааааанаааааам.
Модератор admin_portal түзөттү 2017-04-04 09:22:44
04.04.2017. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушулар жаман жадатышты туштукту жакшылап кантроль кылбаса булга окшогондор толтура кыргыздын атын булгап бутушту бирдемкени пландап келдида мындайларды сразу жоок кылыш керек
04.04.2017. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
jazy Туура айтасын,абдан катуу контроль жана козомол керек, Сирияга баргандарды кайра мамлекетке киргизбей турган Мыйзам кабыл алыш керек. Анткени булар кайра жон келишпейт, созсуз башка адамдарды ундоо учун келишет. Соо журушпойт,жаман нерселерди уюштурат. Ошондуктан мындай адамдарды жарандыктан чыгарып, кара тизмеге киргизип салуу керек.
04.04.2017. 22:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактаса экен деги кыргызстанга террористтер келбесе экен де атсак озубуздукулор барып келип эркин журушобу??
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: