super.kg logo

УКМК Санкт-Петербургдагы жардырууну уюштурду делген жарандын Кыргыз жеринде туулганын тастыктады

 

"Кечээ, 3-апрелде Санкт-Петербургдагы метродо жардырууну жасаган жанкечти Орто Азиядан келген", - деп орусиялык басылмалар жазып чыгышкан. Айрым маалыматтарга ылайык, вагондо жардыруучу түзүлүштү иштеткен адам Кыргыз өлкөсүндө туулган өзбек улутундагы Орусиянын жараны Жалилов Акбаржон Акрамжанович (1995-жылы 1-апрелде туулган) болгон.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бул жардырууну уюштурду делген жарандын Кыргыз жеринде туулганын "Заноза" басылмасына тастыктады. УКМК учурда орусиялык атайын кызматтар менен иштеп, бардык керектүү маалыматтарды берүүгө даяр экенин билдирди.

Буга чейин жардырууну жанкечти-террорист уюштурганын, ал Казакстандын жараны, 1995-жылы туулган Максим Арышев экени айтылган. Бирок Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү, каза болгондордун арасында Казак жараны болбогонун, сүрөттөгү адам Максим Арышев эмес экенин билдиришкен.

Азыркы тапта "террордук акт" боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө. Ошондой эле жардырууга катыштыгы бар делген эки адамдын издөөгө алынганы белгилүү. Окуядан улам 11 адам каза болуп, 42 адам жаракат алган. Каза болуп жана жаракат алгандардын арасында Кыргыз жарандары азырынча каттала электигин бүгүн, 4-апрелде Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилиги билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(48)
04.04.2017. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
а эмнеге башка улуттун адамы метродо бар болсо ошондон корот сразу,орус оздору деле кылышы мумкун.
04.04.2017. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Икрамжан, икрамидин, акрамжан, абдулазиз,
Абукапар, абулкарим. Ушул сыяктуу аттар бесит.
Жон эле аскар, курманбек, алмазбек, шайтанбек
04.04.2017. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+32
Саткыла дагы паспорт чондор.
04.04.2017. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
oldboy.,жакшы окуп жаз Кыргызстандык озбек деп атат
04.04.2017. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
биздикилерда тезирээк тактап айтсын,Казактардын тышкы иштер министрлериндей соз кобоюп Кыргызстанды жаман коруп калгычакты.
04.04.2017. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Беттинерге ТУКУРДУМ Кыргыз паспортун саткандар.
04.04.2017. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Bolunbo.kyrgyz,Кыргызстанда туулган, оруссиянын жараны деп жататко, паспорт ГРАЖ.РОСС.
04.04.2017. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Musabaeva.,ошо орус паспортту кыргыз паспорт аркылуу алганда,озбек паспортко бербейт рф паспорт
04.04.2017. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орто азияны.анын ичинде Кыргызстанга эле асылып калышты.орустар оздору суттон ак.
04.04.2017. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жакшына окусаңар Кыргызстанда туулган өзбек улутундагы Россиянын жараны деп турат
04.04.2017. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Эми башталат орто азиялык жердештерге кысым. Жон эле журбоду да ушу озбек туугандар. Аран жургон мигрантар эми энебизди уч коргондон корсотпосо болду. Болгондо да жардырган адам кыргызстандык озбек. Олгон экенбизда ансыз деле праваларды рф кылып алмаштыргыла деп кысып жатканда.
04.04.2017. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бу [moderated]ын айынан Эми жаман корунобузбу аран жургондо Ислам мамлекеттинин Жан кечтилери жалан эле Орто Азиядан

04.04.2017. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Аста секин кыргыз деген созду тыгып койду ушул ишке да
04.04.2017. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Путин шарт эле болгон окуя жерге барыптыр.А биздин президентибиз конул айтып койгондун ордуна кайра жабыркагандарды чакырды.чакыргандын ордуна каза болгондордун уйуно барып куран окууш керек эле.
Экинчиси азыр паспортторго улуту деген созду алып койушту.Бул туура эмес.Улуту жазылыш керек.Болбосо бут мекенибизге мынандай соз тийип жатат
04.04.2017. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Ана сага паспортко улутун жазбашкерек дегендер азыр бул озбек кыргыз болупчыгат эледа ошондо...
04.04.2017. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эми бизди жаман коруп калышты орустар мусулмандар ушундай деп.
Эми биз жакшы жагыбызды корсотушубуз керек
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: