Ошто жоокерди атып алган аскер кызматкерине кылмыш иши козголду
Ош гарнизонунун Аскер прокуратурасы жоокерди атып алган аскер кызматкерине "курал-жаракты жана айлана-тегеректегилер үчүн өтө коркунучтуу нерселерди колдонуу эрежелерин бузуу" беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу бүгүн, 13-апрелде Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка караганда 12-апрель күнү М.Ж. аттуу аскер кызматкери куралга этиятсыз мамиле кылуунун натыйжасында катардагы жоокер Т.Аны атып алган. Жабырлануучу ооруканага жетпей каза болгон. Азыркы тапта М.Ж. кармалып, камакка алынды.
Буга чейин Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы куралга этиятсыз мамиле кылуунун натыйжасында Т.А. өзүн атып алганын билдирген болчу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-2

Жырткычтан беш беттер болуп алты саны аман адамды атып салганын ((( жанын кейий турган абал Жакындарына сабыр тилейм
Ал эми атып салган адамды 10 жылга эмес омур боюна эле Камаш керек себиби Бир адамды омур боюга жок кылбадыбы окунучтуу
Урсун кыйнасын бирок чеги менен болуш керекко
Мыйзам мыйзам беле акча мыйзамго((
Эгер иш акыйкат тергелбей, куноолуу жазасын албаса ХХХ ХХХ мыйзам иштебесе...
Улуттар арасында талаш-тартышты жаратуучу пикирлерди калтырууга жол берилбейт! Башкалардын улутун кемсинтүүгө тыюу салынат! 10 күн БАНга!