super.kg logo

6 күн мурун Бишкек-Торугарт унаа жолундагы кырсыктан каза болгондордун аты-жөнү (тизме)

 

2017-жылдын 8-апрель күнү саат 19:00 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 79-чакырымында 5 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталган. Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, чыгышты көздөй бараткан БМВ үлгүсүндөгү унаа белгисиз себептер менен каршы тилкеге чыгып, Тойота Марк 2 унаасы менен сүзүшкөн. Андан соң Мерседес унаасына урунган. Катуу соккуга кабылган Тойота Марк 2 унаасы ичиндеги 3 адам менен кошо күйүп кеткен. Ал эми БМВ унаасы бөлүктөргө бөлүнүп, чачырап кеткен. Ичиндеги эки адам ошол жерден каза болушкан. Ошондой эле Мерседес унаасындагы 3 аял жана 3 жаштагы бала денесинен ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алышып, ооруканага жеткирилген.

Кырсыктын кесепетинен каза болгондор:

1. БМВ үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу, 1985-жылы туулган Айбек Дүйшөнбеков (Ысык-Көл районунун тургуну);

2. БМВ үлгүсүндөгү унаанын жүргүнчүсү, азиат улутундагы аял (аты-жөнү тактала элек);

3. Тойота Марк 2 унаасынын айдоочусу, 1984-жылы туулган Азамат Кененбаев (Бишкек шаарынын тургуну);

4. Тойота Марк 2 унаасынын жүргүнчүсү, 1987-жылы туулган Мирлан Абдумуталипов;

5. Тойота Марк 2 унаасынын жүргүнчүсү, Аскат (аты-жөнү толук тактала элек);

Кырсыктын кесепетинен жабыркагандар:

1. Мерседес унаасынын айдоочусу, 1977-жылы туулган Асель Күлжыгачова (Бишкек шаарынын тургуну);

2. Мерседес унаасынын жүргүнчүсү, 1987-жылы туулган Нурзат Күлжыгачова (Бишкек шаарынын тургуну);

3. Мерседес унаасынын жүргүнчүсү, 1979-жылы туулган Назира Күлжыгачова (Бишкек шаарынын тургуну);

4. Мерседес унаасынын жүргүнчүсү, 2014-жылы туулган Иса Искендеров (Бишкек шаарынын тургуну).






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
14.04.2017. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кулжыгачовалар эже синдилер окшойт жакшы болуп кетишсин..каза болгондордун жаны жаннатта болсун бейишин берсин..Бмв катуу айдап келип кырсыкка себепкер болду бир канча кишини жетим жесир калтырды озу да жок болуптур сактансан сактайм дейт абайлап айдайлычы туугандар..бул эмне деген шумдук Бишкек ош Бишкек торугарттан канча авария болуп кетти акыркы айда эле...
14.04.2017. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тизгинди тартып эле астаа айдагылачы кыргызым, суранам силерден!
14.04.2017. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
15.04.2017. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне акыркы убактарда кунуго жол кырсыгы кунуго авария кунуго каза болуу
Дуйнону дунгуроткон Сирия согушунда да мынчалык адам олбой эле турат го
Эмне бизде жол согушу 《дорожный войны》болуп атабы ?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: