Бишкекте 2 окуучуну сүзүп кеткен айдоочу 2 айга камакка алынды
Бишкекте 2 окуучуну сүзүп кеткен айдоочу 2 айга СИЗОго камакка алынды. Бул тууралуу 22-апрелде Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Ал эми жабырлануучу балдар оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатышат. Алардан бүгүн саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев кабар алды. Дарыгерлер балдардын ден соолугун калыбына келтирүүгө бардык аракеттер көрүлүп жатканын айтышууда.
Эскерте кетсек, кырсык 21-апрелде Бакаев-Ремесленная көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Балдарды сүзүп качып кеткен айдоочу кармалып, күнөөсүн моюнга алды. Маалыматка таянсак, шектүү 1988-жылы туулган Бишкектин тургуну. Экспертиза аныктагандай, кармалган учурда айдоочу мас абалда болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:33
2025-07-17
Рейтинг:
0

Ал эми 47 кишинин омурун алган жуктун ээси 2 мунотда камалган жок
10 айга эле эмес 10жылга, бул окуяга чейин да болгон экен,