Өзгөн районунда 20дан ашык адам жер көчкү алдында калды (фото)







Өзгөн районунда 20дан ашык адам жер көчкү алдында калды. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 29-апрель күнү саат 07:00 чамасында Заргер айыл аймагынын Аюу айылында көлөмү болжол менен 1 миллион метр куб жер көчкү түшүп, 7 турак үйдү басып калган. Алдын ала маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен 24 адам жер көчкүнүн астында калган.
Азыркы тапта куткаруу иштери жүрүп жатат.
Өзгөндөгү Заргер айылындагы жер көчкү
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

эл бузулганда,кудай айткан бузулган элди ар кандай кырсык апат менен жазалайм деп
ОКМК азыркы учурда кооптуу жерлерди аныктап, ал жерде жашагандарды коопсуз жайга убактылуу болсо да кочуруп туруу керек, мажбурлап болсо да...Палатка тигеби же бир маданият уйу ж.б.убактылуу жашоого шарт тузуп кочуробу, айтор
Анан элден да ыйман кетти, дарак койбой кыйып алат, ошондой адырдын боорлоруна дарак-бадал эккендин ордуна. Кыскасы мамлекет, Окмот иштебей жатат, эл да оз жашоосуна кайдыгер мамиле кылууда.
Ал Озгондон мен Колдон
Жерин алыс экен деп
Жетпей калып мен олгом.€
эми сен олбосон экен Каражан эл жерин менен аман бол
жазганыны мен тушунбодум
Окмот болсо балээнин да ишин кылганы байкалбайт. Жогорку Кенеште оозу менен орок орчулар Окмоттогу бекерчилерди катуу иштеп коюпсунар деп алкап кол алышып журот. Саясий куугунтуктоолор, камоолор, ММК менен жарандарды оз оюн эркин айттыра койбой миллиондоп доого жыгып коркутуулар. Мамлекеттик кызматтардын элге эмес, бийликтеги бир ууч азчылыкка кызмат кылуусу.