Бишкекте "Ленинди ата дешибиз керек" деген коммунисттер 1-Май майрамына карата иш-чара өткөрүштү (фото)




















Бишкек шаарында 1-Май - Эмгекчилердин эл аралык майрамына карата иш-чаралар өткөрүлдү. Борбор калаанын эски аянтында Комунисттер партиясынын мүчөлөрү чакан майрамдык иш-чара уюштуруп, ага Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев жана шаар тургундары катышышты.
Шаар тургуну Роба Тураева "Ленинди ата дешибиз керек" деп буларды билдирди:
"Биз баарыбыз Ленинди ата дешибиз керек. Бир убакта эмгек кылгандар чын дили менен өлкөгө жаштардын келечегине жоопкерчиликтүү мамиле жасашчу. Социализм элдин келечеги. "Кудай коммунист" деп агайым туура айткан экен. Бир гана Кудай баарын тең көргөн. Ал эми коммунисттер Кудайдын улуу ишин орундаткан. Ленин атабыз токолдукту жок кылып, аялдарды эркиндикке чыгарган. Ал ар бир кыргыздын атасы", - дейт.
Мындан сырткары "Ала-Тоо" аянтында Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айыл аймагынын "Эл айымдар" ырчылары концерт тартуулашууда. Ырдап жаткандарды 50гө жакын көрүүчүлөр тегеректеп турушат. Мындан башка майрамды шаңдуу белгилегендер жокко эсе. Айрымдар жөн гана шаар аралап, эс алып жүрүшөт.
Эске салсак, буга чейин Өзгөндөгү кырсыкка байланыштуу Бишкек шаарында 1-Май майрамы белгиленбей тургандыгын шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирген.
Бишкекте 1-май майрамына карата иш чара
1-майда Ала-Тоо аянтында айымдар ырдашты

Уркундон кыргындан ким сактады кыргызды тоодон тушуруп шаарларды колхоз совхоз завод фабрикаларды куруп берген.Азыр талкалап
Тентип журобуз