super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 2-МАЙ: 10 жыл бою дүйнөнүн үшүн алып турган террорчу Усама бен Ладен 6 жыл мурун өлтүрүлгөн

 

Мындан 6 жыл мурун, 2011-жылы 2-майда 10 жыл бою дүйнөнүн үшүн алып турган террорчу Усама бен Ладен Абботтабад шаарында АКШнын атайын аскерлери тарабынан өлтүрүлүп, денеси деңизге чөктүрүлгөн.

Ал 1957-жылы 10-мартта Сауд Арабиянын Жидда шаарында туулган. Толук аты-жөнү Усама бен Мухаммад бен Авад бен Ладен. Атасы ири курулуш тармагынын магнаты, бай адамдардын бири болгон, уулуна 250 миллион доллар мурас калтырган. Усама бен Ладен "Аль-Каида" террордук уюмунун негиздөөчүсү жана биринчи эмири. Бул уюм 2001-жылдын 11-сентябрындагы АКШда болгон террордук актыга жана 1998-жылкы Африкадагы АКШнын элчиликтеринин имаратындагы жардырууга жоопкерчиликти алган.

Усама бен Ладендин максаты - батыш өлкөлөрүнүн таасири жок, эркин жана адилеттүү ислам мамлекеттерин түзүү болгон. Ал өзүнүн биринчи катардагы душманы деп АКШ менен Израилди баса белгилеген. 2007-жылы АКШнын Сенаты №1-террорчунун башы үчүн 50 миллион доллар сыйлык берерин жарыялаган. Анын сологой экендиги жана дайыма таяк менен жүргөнү айтылат. Ошондой эле арабдардын ак чалмасын башынан түшүрбөй ороп жүргөн. Ал бир гана араб тилинде сүйлөгөн.

Усама бен Ладен 5 жолу үйлөнгөн. Анын 17 уулунун ичинен экөө - Хамза менен Саад гана "Аль-Каиданын" иштерине аралашкан.

2-майга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
02.05.2017. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
АКШнын ойлоп тапкан адамы оздору каржылап анын артынан Авганистанга согуш ачышкан анын олгонуно деле ишенбейм Обама озунун авторитетин которуу учун олтурдук деп жарыялаган анын артынан канча жерлерди басып алышкан.
02.05.2017. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Толук мумкун
02.05.2017. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ал мурда эле ооруп олгон.
02.05.2017. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
17 уулу дейт го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: