Ысык-Көл облусунда "Хизбут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун мүчөсү соттолду
Ысык-Көл облусунда "Хизбут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун мүчөсү соттолду. Бул тууралуу бүгүн, 4-майда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, тиешелүү чечимди үстүбүздөгү жылдын 27-апрель күнү Ысык-Көл облустук сотунун соттук коллегиясы чыгарды. Ага ылайык 2016-жылдын сентябрь айында УКМК тарабынан кармалган 1974-жылы туулган М.М. 3 жылга эркинен ажыратылды. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 299-беренеси (улуттук, расалык же диний кастыкты козутуу) боюнча айыпталган.
Айта кетсек, 1974-жылы туулган М.М. 2016-жылдын 28-сентябрында кармалган. Ал жашаган жерден диний-экстремисттик багыттагы китептер, баракчалар, журналдар, ДВД дисктер табылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:33
2025-07-17
Рейтинг:
0

Кыскасы соз жок...
Радикализм, экстремизм, терроризм менее курошуу учун чечкиндуу кадамдарга баруу керек. Бир омур турмого камаш керек же тууган-туушкандарына кошуп олкодон биротоло чыгарып салуу керек отпечатка пальц ж.б.алып туруп биротоло жарандыктан ажыратып. Кааласа Сирияга барышсын, кааласа "гумандуу" Батыш кабыл алып багып алсын. Зато Кыргызстан радикал-исламист (эртенки террорист)тен тазаланат...