Бишкекте курулуп жаткан имараттын кароолчусу адам өлүмүнө шектелүүдө
Бишкекте курулуп жаткан имараттын кароолчусу адам өлүмүнө шектелүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя кечээ, 4-май күнү саат 22:00 чамасында Бишкектин 7-кичи районундагы жаңы курулуп жаткан имаратта болгон. Анда 1980-жылы туулган Ж.А. менен 1975-жылы туулган Б.Б. спирт ичимдигин ичип отурушуп, уруша кетишкен. Андан соң Ж.А. бычак менен Б.Бны сайып салган. Жабырлануучу көп кан жоготконуна байланыштуу ошол жерде каза болгон.
Азыркы тапта кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. 1980-жылы туулган Ж.А. жаңы курулуп жаткан имараттын кароолчусу болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:33
2025-07-17
Рейтинг:
0

(айрымдар Чубак ажыны колдобогонум учун каапырга чыгарууда, динге каршы барып. Ал эми жарым жыналачтар, алкоголдук ичимдик ж.б.темаларда карааны да корунбойт. Экстремисттерди айыптап чыксан кайра сени айыптайт, Чубак ажыны колдойбу же Сирияга жоноп жаткан радикалдарды колдойбу тушунуксуз?!)