super.kg logo

Ысык-Көлдө сүйгөн кызын мыкаачылык менен өлтүргөн жигит өмүр бою эркинен ажыратылды

 

Ысык-Көлдө сүйгөн кызын мыкаачылык менен өлтүргөн 25 жаштагы жигит өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралуу бүгүн, 11-майда Ысык-Көл облустук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, соттолуучу адам орто мектептин 5-классын бүтүргөн, бойдок, мурда сот жообуна тартылган.

"2016-жылы 27-октябрда саат 15:00 чамасында соттолуучу жабырлануучу А. кызы Аны жолдон күтүп алып, көлдүн жээгине барууну талап кылган. Андан соң коркутуп, "сен мага жагасың" деген сөздү айткан. Ага А. кызы А "мага сен жакпайсың" деп жооп кайтарган. Ошол учурда Э. уулу К. эч себепсиз жолдун жээгинен колуна таш алып, кызды башка урган. Жабырлануучу эс-учун жоготуп жерге жыгылганда, чөнтөгүнөн бычак алып чыгып, кызды мыкаачылык менен дене бөлүктөрүнө сайгылап, окуя болгон жерден изин жашырып, качып кеткен. Натыйжада кыз денесинен алган жаракаттардан улам окуя болгон жерден каза болгон", - деп айтылат маалыматта.

Ысык-Көл райондук сотунун 2017-жылдын январь айындагы өкүмү менен Э. уулу К. күнөөлүү деп табылып, өмүр бою эркиндигинен ажыратылып, үй-мүлкү конфискацияланган. Ошондой эле жазасын өзгөчө тартиптеги абакта өтөөсү белгиленген.

Бул өкүм менен макул болбогон Э. уулу К. даттануусу менен облустук сотко кайрылган. Ысык-Көл облустук сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын 2017-жылдын 26-апрелиндеги аныктамасы менен Ысык-Көл райондук сотунун 2017-жылдын 13-январында чыгарылган Э. уулу К. жөнүндөгү өкүмү өзгөртүүсүз, даттануу канааттандыруусуз калтырылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
11.05.2017. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-14
Ой ХХХ десе кызда да куноо барго чакырган жака бара береби
Модератор admin_portal түзөттү 2017-05-11 16:57:01
11.05.2017. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ayjan_90,олгон кызда куноо бар деп айтканга квартир оозун барды

11.05.2017. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чакырбаптыр жакшылап окуп чык
11.05.2017. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Олойун деп калышканго.
11.05.2017. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Izdeim_seni., Жеке айтышууларга жол берилбейт, ал үчүн купуя кат бар.
ayjan_90, этика нормаларын сактаңыз.
11.05.2017. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул бала жанындагы бычак менен сайса,дайым бычак алып жургон болобу жанына,значит начар адам жаш эле туруп бычак мн журсо,бычакты чонаталар жанына алып журчу элего?
11.05.2017. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алла жазасын берсин
12.05.2017. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
5-класска чейин гана окуса ,мурда сот жообуна тартылса тушунуктуу го кандай адам экени.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: