Аламүдүн районунда мал уурулукка шектелген эки жаран кармалды
Аламүдүн районунда мал уурулукка шектелген эки жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 26-март күнү Аламүдүн РИИБинин кызматкерлерине Кашка-Суу айылынын 22 жаштагы тургуну кайрылган. Анда ал белгисиз адамдар сарайда байланып турган уюн уурдап кетишкенин айткан. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө амалдары жүргөн. Анын негизинде кылмышка шектүү катары 29 жаштагы А.Ш. жана 23 жаштагы Ж.К. кармалды. Алардын мындан башка дагы мал уурулук фактыларына катыштыгы болгону аныкталды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.