super.kg logo

Жалал-Абад облусундагы Авлетим дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп, жээктерин бекемдөө иштери жүрүүдө (фото)

 

Жалал-Абад облусундагы Авлетим дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп, жээктерин бекемдөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу 13-майда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, күндүн катуу ысый баштаганына байланыштуу, тоолордогу карлар эрип Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Авлетим айыл аймагы аркылуу агып өткөн Авлетим дарыясында суунун деңгээли көтөрүлгөн. Натыйжада 17 жерден ашып кетүү коркунучу пайда болгон. Бул жагдай Байкашка-Терек айылында 36 турак жайга, Арал айылында 43 турак жайга кооптуулук жараткан.

Ошондой эле Товар-Сай айылынын Чоң-Таш участкасында Авлетим дарыясына салынган 67 кожолукту тейлеген ички чарбалык автоунаа көпүрөсүнүн оң тарабын суу жей баштаган. Маалым болгондой, ӨКМ кырсыктардын алдын алуу боюнча чараларды көрүүдө. Авлетим дарыясынын жээгин бекемдөө жумуштары 17 участкада жүрүп жатат. Ага 10 атайын техникалар тартылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
13.05.2017. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Авлетим деген сөз эмне маанини түшүндүрөт
13.05.2017. 21:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Seryi-Kardinal, Авлетим деген илгери ошол жердеги хандын атына коюлган. ошол жерде бийик Алан деген асканын башында хан ордонун орду да бар божомолдор менен 10 кылымга таандык дешет.
14.05.2017. 09:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ОшончОшончо суу коп ГЕСте дагы бирок свет кымбат
14.05.2017. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aidani,суунун баарын Озбекстанга сатып жиберсе свет кымбат болот да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: