super.kg logo

Лейлектеги май куюучу жайда өрт чыгып, жабыркаган адамга Тажикстандагы ооруканадан жардам көрсөтүлдү

 

Баткен облусунун Лейлек районунда май куюучу жайда өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 14-май күнү саат 08:15 чамасында Баткен облусунун Лейлек районундагы Кыргызстан 60-жылдык айылында жайгашкан “Петрогаз” май куюучу бекетинин ашкана бөлмөсүнөн газ баллонунун редукторунан өрт чыккан.

"Өрттөн 28,8 чарчы метр аянтта ДСП капталган ички жасалгасы күйүп, өрттүн натыйжасында май таратуучу колонканын резина, пластмассалары оттун ысыгына эриген. Жалын күйүүчү майга жеткен эмес. Өрт кырсыгынан 1981-жылы туулган Жаңы-Жер айыл аймагынын, Достук айлынын тургуну жабыркады. Ал өрттү өз алдынча өчүрөм деп, колу менен бутунан жана бетинен жалпы 18 пайыз күйүк алып, коңшулаш Тажикстан Республикасынын жакынкы аймактагы ооруканага "Тез жардам" аркылуу жеткирилген. Өрттүн себеби жана материалдык чыгымдары такталууда", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: