super.kg logo

АКШда жөө жүргүнчүлөрдү унаа тебелеп кетти. 22 адам жаракат алып, 1 адам каза болду

 
Кырсыкка шектелип кармалган Ричард Рохас

АКШнын Нью-Йорк шаарындагы "Таймс-сквер" аянтында бара жаткан адамдарды унаа тебелеп кетти. Кырсыктын кесепетинен 1 адам набыт болуп, 22 адам жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар бүгүн, 19-майда жазып чыгышты.

Маалыматтарга караганда, кечээ, 18-майда кызыл түстөгү Honda үлгүсүндөгү унаа тротуарда бара жаткан адамдарды атайлап сүзүп кеткени айтылат. Кырсыктан жаракат алган 22 адамдын 4өөнүн абалы оор, бирок өмүрлөрүнө коркунуч жоктугун дарыгерлер билдиришкен.

Кырсыктын себепчиси, 26 жаштагы Ричард Рохас ошол эле жерден колго түшүрүлүп, алкоголдук ичимдиктерди ичпегендиги аныкталган. Полиция кызматкерлери аны наркотик колдонуусу мүмкүн экендигин, ал буга чейин да бир нече жолу мыйзам бузганы үчүн полиция кызматкерлери тарабынан кармалганын айтышууда.

Ал эми Нью-Йорк шаарынын мэри Билл де Блазио "жергиликтүү бийлик бул окуяны терракт деп эсептебейт" деп билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
19.05.2017. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Эгерде мусулман болсо, терракт дешмек!
19.05.2017. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
KOCMOC,терракт болду кыргыз жараны дешмек
19.05.2017. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кече россиянын теле каналдарынан аны мас абалда деп айтышты элего
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: