Жумгал районунда болгон катуу шамалдан улам спорт залдын жана бала бакчанын чатыры зыянга учурады
Жумгал районунда болгон катуу шамалдан улам спорт залдын жана бала бакчанын чатыры зыянга учурады. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 18-май күнү саат 17:32 чамасында Жумгал районунда ылдамдыгы секундасына 18-22 метрге жеткен катуу шамал катталган. Анын кесепетинен Миң-Куш айылындагы спорт залдын жана "Байчечекей" бала бакчасынын чатыры зыянга учураган.
Ошондой эле Кабак айыл аймагынын Кызыл-Коргон айылындагы айрым короо-сарайлардын чатырларын шамал учурган. Райондук Жарандык коргонуу комиссиясы тактоо иштерин жүргүзүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:33
2025-07-17
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.