super.kg logo

Бишкекте 3 айлык ымыркайды сатууга шектелгендер кармалды

 
Кылмышка шектүү А.Ж.
Кылмышка шектүү А.Н.
Кылмышка шектүү С.Н.

Бишкекте 3 айлык ымыркайды сатууга шектелгендер кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине Ысык-Көл облусунун 1995-жылы туулган К.А. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анда ал 12-май күнү Гоголь жана Түгөлбай ата көчөлөрүнүн кесилишинде чала тааныш Назира жана белгисиз аял алдоо жолу менен 3 айлык кызын 10 миң сомго сатып жиберишкенин айткан.

"Бишкек ШИИББнин опер кызматкерлери тарабынан кылмыштын бети ачылып, кылмышка шектүү катары 1977-жылы туулган А.Н., 1982-жылы туулган А.Ж. жана 1991-жылы туулган С.Н. (ымыркайды сатып алган) кармалган. Кармалгандар Свердлов РИИБинин тергөө бөлүмүнө өткөрүлдү. Ал эми 3 айлык ымыркай соттун чечимине чейин Бишкектеги балдар үйүнө берилди", - деп айтылат Бишкек ШИИББинин маалыматында.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
21.05.2017. 22:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жерге киргиргилер.ымыркайды сатканда энеси кайда эле??аз акча берип койду деп арыз жазганбы же,алдоо жолу менен сатып ийгени кандай???
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: