Ысык-Ата районунда 48 жаштагы аял күйөөсүнүн өлүмүнө шектелип кармалды
Ысык-Ата районунда 48 жаштагы аял күйөөсүнүн өлүмүнө шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Чүй ОИИББинин маалыматы боюнча, 14-май күнү саат 15:00 чамасында Ысык-Ата районундагы айылдардын биринде болгон. Анда 1969-жылы туулган И.З. 1963-жылы туулган К.Х. аттуу күйөөсү менен уруша кетип, аны бычактап салган. Кийин ал "Тез жардам" чакырган, бирок жабырлануучунун өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес.
Азыркы тапта кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:33
2025-07-17
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.