Айнектери караңгылатылган унааны минип жүргөн 23 жаштагы депутатка 2 миң сом айып пул салынды
Айнектери караңгылатылган автоунааны минип жүргөн Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Темирлан Токобековго 2 миң сом айып пул салынды.
Патрулдук милициядан билдиришкендей, депутат бүгүн, 23-майда мектеп окуучуларынын катышуусундагы "Жол эрежелери" темасына арналган иш-чарага бара жаткан. Патрулдук милициянын инспекторлору анын унаасынын айнектери караңгылатылганы үчүн токтотуп, административдик протоколду түзүшкөн.
Айта кетсек, 1994-жылы туулган Темирлан Токобеков Бишкек шаардык кеңешинин "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты. Ошондой эле ал Жогорку Кеңештин "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу экени белгилүү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:51
2025-12-20
Рейтинг:
2
2

Супер-Инфо
super.kg видео
















https://www.super.kg/mobile/kabar/news/189001/