super.kg logo

Бишкек ШИИББи: "Дыйкан" базарын жабууда 11 адам мэриянын жана райондук администрациянын өкүлдөрүнө тоскоолдук жаратышкан"

 

"Дыйкан" базарын жабууда 11 адам мэриянын жана райондук администрациянын өкүлдөрүнө тоскоолдук жаратышкан. Бул тууралуу бүгүн, 24-майда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлери тарабынан кармалган 11 адам Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 371-беренеси (ички иштер органдарынын кызматкеринин жана коомдук тартипти сактоо боюнча милдетин аткарып жаткан башка адамдардын мыйзамдуу буйругуна же талабына моюн сунбоо) боюнча айыпталууда.

"Азыркы тапта алар Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгында. Аларга тиешелүү материалдар Ленин райондук сотуна жөнөтүлдү", - деп билдиришти Бишкек ШИИББинен.

Буга чейин 24-майга караган түнү Бишкектеги "Дыйкан" базарында иштеген 11 адамды милиция кызматкерлери күч менен кармап кеткенин соодагерлердин бири Гуля Курамаева билдирген эле.

Ал: "Биз базардын жанында турганбыз. Бир убакта эле "буга чейин базарды жабууга тоскоолдук кылып келген лидерлерди кармагыла" деген буйрук болду. 4 эркек 7 аялды кармап автобуска салып милиция бөлүмүнө алып келишти. Бул күнү биз эч кандай мыйзам бузуп тоскоолдук жараткан жок элек. Кечки саат 23:00дөн бери кармалып турабыз", - деген болчу.

Айта кетсек, кечээ, 23-май күнү саат 22:30дан баштап, "Дыйкан" базарын жабуу иштери башталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
24.05.2017. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эгинибиз бышайын дегенде жабып койсонор туурабы эмнеге Эдди ойлобойсунар эртен бышса кай Жака алып барабыз?
24.05.2017. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дыйкан базар кайсы президент учурунда ачылды эле??? Ким элди ойлогонун ушундан да билсек болот
24.05.2017. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дарыгер,в точку..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: