Бишкекте "Шоронун" 25 жылдыгында урушкандарды видеого тартып алган тургун: "Башкаларга сабак болсун дегем"
Кечээ, 25-майда “Шоро” компаниясы 25 жылдыгынын урматына кардарлары үчүн бекер суусундук тартуулаган. Акциянын жүрүшүндө суусундук сатуучу менен кардардын ортосунда пикир келишпестик орун алган видео коомчулукка тарап, талкуу жараткан. Видеодо кардар менен сатуучунун ортосуна түшкөн Актилек Замирбеков бүгүн, 26-майда SUPER.KG порталына окуя тууралуу айтып берди.
“Бул күнү "Шоро" компаниясынын 25 жылдык юбилейи белгиленип, суусундуктар шаар тургундарына акысыз берилип жаткан. Ал күнү мен аталган компанияга ыктыярчы катары жардам берип жүргөм. Ал күнү бир гана максым суусундугу таратууга чыккан. Фучик-Ден Сяопин көчөлөрүнүн кесилишиндеги түйүнгө кардарлар келип калышты. Аларга сатуучу максым куйса, кардардын бири чалапты аралаштырып куюуну талап кылды. Ага акысыз максым гана таратылып жатканын айтып, куюлган стаканды кайра сундук. Ошол убакта кардар “эмне, мага орой сунуп жатасың?” деп максымды чачып жиберди. Дал ошол мезгилде бизге кыйкырып жаткан аял спирт ичимдигин ичип алганын байкадым. Өзүмдү жоготуп, эмне кылганымды билбейм, ал отургучка отурайын десе, аны алып алыптырмын. Кайра мени отургуч менен урду, бирок тосуп калдым. Окуя боюнча компания тараптан эч кандай жемелөө болгон жок. Тескерисинче иштешүүнү сунуштап жатышат", - деди Замирбеков.
Бул окуяны уюлдук телефонуна тартып калган Эламан Акылбеков видео коомчулукта мынчалык талкуу жаратарын күтпөгөнүн айтат:
"Эл топтолуп турган жерге келсем, эки тарап жаңжалдашып жатышыптыр. Башкаларга да сабак болсун деген максатта тартып социалдык баракчама киргизип койдум. Бир күн аралыгында эле массалык маалымат каражаттарына чыгып, коомчулуктун талкуусуна түштү. Видеонун автору катары көрсөтүлгөнүмдөн улам социалдык тармактагы баракчама катталгандардын саны арбып, достук жибергендер көбөйдү”.
“Шоро” компаниясынын сапат бөлүмүнүн башчысы Разия Султанова видеодогу сатуучу 15 жылдан бери иштеп келе жатканын билдирди.
"Майрам күнү баары ойдогудай болуп жаткан. Калаанын башка аймактарында эч кандай кемчиликтер орун алган жок. Коомчулукка тараган окуядагы сатуучубуз өз ишине тың, мүнөзү оор басырыктуу. Биздин компания ал менен 15 жылдан бери иштешип келет. Ал күнү сатуучу Назгүл Молдогазиева жакшы маанайда отурган жерин шарлар менен кооздоп койгон. Бир убакта жогорудагыдай жагымсыз окуя болуп кеткен", - дейт Султанова.
Видеодо пикир келишпестиктен улам эки тарап милиция кызматкерлерин чакырууга макул болушканын көрүүгө болот. Жыйынтыгында тартип сакчылары чакырылбаганын, эки тараптын тең ачуусу басылган соң тарап кетишкенин кошумчалады Актилек Замирбеков.
Ал эми кардардын байланыштарын табуу мүмкүн болгон жок.
кошулду
Бекер максым таратылганда чыр чыгарган кимдер?



















1 |