Бишкекте жергиликтүү тургундун унаасын күч колдонуу менен тартып алды делген адам кармалды

Бишкек шаарында унаа уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-майда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, борбор кааланын тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анын унаасын 26-май күнү чала тааныш Закир аттуу жаран күч колдонуу менен тартып алып, белгисиз тарапка айдап кеткен.
"Аталган факты боюнча "автотранспорт каражатын укукка жат түрдө ээлеп алуу" беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Талас облусунун 36 жаштагы тургуну кармалган. Ал Бишкек шаардык №1-тергөө абагына камакка алынып, тергөө амалдары уланууда", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:00
2025-07-16

17:00
2025-07-16
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.