super.kg logo

Ала-Бука районундагы Өрүктү-Сай айылында селден көпүрөлөр бузулду

 

Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районунун Өрүктү айыл аймагында 2017-жылдын 30-май күнү саат 15:00 чамасында мөндүр аралаш жааган жамгырдын кесепетинен колоттордон сел суулары түшкөн. Анын кесепетинен Өрүктү-Сай айылынын Коргон-Дөбө участкасындагы айыл аймак тарабынан ашар ыкмасы менен курулган ички чарбалык көпүрө жараксыз абалга келген. Бул тууралуу бүгүн, 31-майда ӨКМнын басма сөз кызматы жарыялады.

Маалым болгондой, аталган көпүрө 20 кожолук менен айылдагы №18-Бешимов орто мектебин байланыштырып турат. Учурда жашоочулар алыс эмес жерге курулган жөө адам өтүүчү көпүрө аркылуу өтүүдө.

" Өрүктү-Сай суусу аркылуу жөө адам өтүүчү көпүрөнүн астын сел суулары жеп, адамдардын ФАПка өтүүсүнө кыйынчылыктар жаралды. Ал эми Тегизчил участкасында 2012-жылдары айыл тургундары ашар ыкмасы менен курулган ички чарбалык көпүрөнү жарактан чыгарды. Жеринде КРнын ӨКМнын райондук бөлүмүнүн башчысы жана райондук жарандык коргонуу комиссиясы тактоо иштерин жүргүзүштү”, - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
31.05.2017. 19:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ukmuw-ukmuw, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий жана талкуу иретинде жазылган билдирүүлөрдү сайттын жетекчилиги өчүрүү менен кошо колдонуучуну порталдан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-05-31 19:04:20
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: