ЖЫЛНААМА, 10-ИЮНЬ: 12 жыл мурун Жогорку Кеңештин депутаты, ишкер Жыргалбек Сурабалдиев атылып өлтүрүлгөн

12 жыл мурун, 2006-жылы 10-июнда парламенттин депутаты Жыргалбек Сурабалдиев Бишкектин борбордук бөлүгүндө атылып өлтүрүлгөн. Депутатка ошол күнү саат 13:00 чамасында Орус драма театрынын жанында Мерседес унаасында бара жаткан адамдар ок чыгарышкан. Сурабалдиевдин жан сакчысы ок чыгаргандар менен атышып жаракат алган. Киллерлер 9 ок чыгарып, алган жаракатынан депутат ошол жерден жан берген. Күбөлөр кылмышкерлер экөө болгонун айтышкан. Депутатты атып өлтүргөндөр кармалган. (Окуя Ички иштер министрлигинин имаратынан 200 метр алыстыкта болгон).
Эл өкүлүнүн өлүмү тууралуу кызы, 6-чакырылыштагы ЖКнын депутаты Эльвира Сурабалдиеванын "ошол мезгилде бийлик башында тургандар атамды саясатчылар менен биригип революция уюштурат деп кооптонуп турушканын билдим. Атамды өлтүрүүгө буйрук бергендер эртеби-кечпи жазасын алышат деп ишенем" дегени бар.
Жыргалбек Сурабалдиев 1953-жылы Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Асылбаш айылында туулган. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу болгон. "Даңк" медалынын ээси. Депутат болгонго чейин ишкерлик менен алектенген.
Чуулгандуу 2005-жылкы парламенттик шайлоодон кийин Кыргызда бийлик алмашып, өлкөдө саясий баш аламандык орун алган. Жер басып алуу, менчикти кайра бөлүштүрүүнүн айынан чыккан коогалаңдуу окуядан улам 2005-жылдын апрель айында белгилүү каскадёр Үсөн Кудайбергенов киши колдуу өлтүрүлгөн. Андан бир жыл өтүп 10-июнда Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Сурабалдиев өлтүрүлгөн.
10-июндун жылнаамасы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:00
2025-07-16

17:00
2025-07-16
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
asdef

10.06.2017. 21:58
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
11 жыл мурун
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.