super.kg logo

Орусияда мурдагы куткаруучу 4 адамды атып өлтүрдү

 

Орусия Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде мурда куткаруучу болуп иштеген жаран 4 адамды атып өлтүрүп, андан соң өзү турган үйдү өрттөп качып кеткен. Бул тууралуу Орусиянын маалымат булактары жазат.

10-июндан 11-июнга караган түнү Подмосковьенин Кратово кыштагында 50 жаштагы киши мергенчиликте колдонгон мылтык менен 4 адамды атып, көчөдөгү башка адамдарга да ок чыгарып жаракат келтирген. Мындан тышкары кылмышкерди кармоо операциясында 4 атайын топтун кызматкери дагы жаракат алышкан. "Кылмышкерди 6 саат бою издеп жүрүп, аны токойдон таап, атайын ыкчам топтун кызматкерлери атып өлтүрүштү", - деп маалымдайт Орусиянын Ички иштер министрлиги.

Окуя болгон күнү Кратово айылынын жашоочусу өзү жашаган үйүнүн ичинен көчөдө жүргөн адамдарга ок чыгара баштаган. Окуя укук коргоо кызматкерлерине кабарланган соң аны кармоо үчүн келгендерге да ок аткан. Жергиликтүү маалымат каражаттары жазгандай, ок чыгарган жарандын аты Игорь Зенков жана ал Орусиянын ӨКМнын мурдагы кызматкери болгон. 4 адамды атып дагы башка адамдарга жаракат келтирген соң Зенков өзү жашаган үйгө өрт коюп, токой тилкесине качып кеткен. Издөө жана ликвидациялоо операциясы 5-6 саатка созулган. Тийиштүү кызмат кылмышкерге жакын жашаган айылдаштарын эвакуациялоого жетишкенче айрымдары жаракат алышкан. Ага өз атасы сүйлөшүүгө барганы менен майнап чыккан эмес. Окуянын аягы анын өлүмү менен аяктады.

Бул иш боюнча Орусиянын Тергөө комитети адам өлтүрүү, курал-жаракты мыйзамсыз сактоо жана колдонуу, милиция кызматкеринин өмүрүнө зыян келтирүү беренелери боюнча окуянын негизинде кылмыш ишин козгоду. ТАСС маалымат агенттиги билдиргендей, Игорь Зенков Чеченстандагы куралдуу жаңжалга катышып, психикалык жактан жабыркаганы белгилүү болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
11.06.2017. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Жакшы орус улутундагы экен.Чет мамлекеттин жараны болгондо дагы балее башталат эле айрыкча Азиядан болгондо
11.06.2017. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жабыркаганы
11.06.2017. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кудай сактай көр
11.06.2017. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Терорист деп айтпайбы. Эмнеге башка улут болсо терорист дейт да, орус болсо антип айтышпайт.
11.06.2017. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Оздоруно келгенде психикалык жактан оорулуу болуп калды да. Мусулман болсо террорист болмок.
11.06.2017. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мына сага, Питердеги террорист орус жараны болгону менен тупкулугу Кыргызстандык озбек болгону учун мигранттар кор болду. Эми орус улутундагы террорист учун орустар оздорун кысымга алган жери жок го...

Кыскасы орустар копту!!! Оз чонтогун ойлогон бай-манаптар бийликте болбогондо миллиондоп жаштарыбыз Россияда кор болуп журбогон болоор эле...
12.06.2017. 09:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озунчо GTA болоюн деген окшойт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: