"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Мерседес-Бенц-Гелендваген унаасы менен кырсыкка кабылган бүтүрүүчүлөрдүн биринин абалы оор







Ош шаарында Мерседес-Бенц-Гелендваген унаасын ижарага алып, кырсыкка кабылган мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн биринин абалы оор. Бул тууралуу бүгүн, 25-июнда Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынын тескөөчүсү Жанна Сапарбаева SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, унаада 1999-2000-жылы туулган эки бала болгон. Унааны 1999-жылы туулган бала башкарып бара жаткан. Алар шаардагы №4-Киров атындагы мектеп-гимназиясын аяктап, аттестат тапшыруу аземинен чыгышкан.
"Унааны бүтүрүүчүлөр Ош шаарындагы Бакыт үйүнөн ижарага алышкан. Аттестат тапшыруу аземинен чыгып, кийинки дарекке бара жатып жол эрежесин одоно бузушкан. Унаа башкаруудан чыгып жолдун жээгиндеги бакты сүзүп, оодарылып кеткен. Анын кесепетинен айдоочусу оор абалда Ош шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Азыр эсине келе элек. Экинчи бүтүрүүчү да ооруканага жаткырылган. Учурда бул факты боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө", - дейт Сапарбаева.

Бироонун машинасы эмес самолетун ижарага алсан деле эртеси баягы эле таз кейпине келесин андан озгоруу,атак данк пайда жок .курулай намыс,ысырапкерчилик.
Эми озуно Аллах шыпаа берип жакшы болуп кет.батырак сакайып.