super.kg logo

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы: "Санкт-Петербургдагы метродо болгон жардыруунун уюштуруучулары Telegram тиркемеси аркылуу кат алышкан"

 

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы террорчулар жана аларга буйрук берген кураторлору бири-бири менен байланышуу үчүн Telegram кат алышуу кызматын колдонуп жатат деп айтууда. Бул тууралуу ТАСС басылмасы жазып чыкты.

Маалым болгондой, 3-апрелде Санкт-Петербург шаарында метродо болгон жардырууга шектелгендер, террористтик актты уюштурууда жана аны ишке ашырууда Telegram мессенжеринде жашыруун баарлашууларды колдонгону айтылууда.

“Telegram мессенжеринде жашыруун чаттарды түзүүгө жана маалыматтын корголушу жогорку деңгээлде болгондуктан, аны Орусия аймагындагы эл аралык террордук уюмдарынын мүчөлөрү колдонгону белгилүү болду”, - деп маалымдайт Федералдык коопсуздук кызматы.

Эске салсак, жардыруу 3-апрель күнү Санкт-Петербургдагы метродо болгон. Анын кесепетинен 14 адам каза болуп, 49 адам ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алышкан. Метродо болгон жардырууга Кыргыз Республикасында туулган, өзбек улутундагы Орусиянын жараны, 1995-жылы туулган Жалилов Акбаржон Акрамжанович шектелген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
26.06.2017. 19:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо Акбаржон Жалиловтун ата-энесинен интервью алыңыздарчы сураныч?!
27.06.2017. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aigerimosh, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
26.06.2017. 21:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Достор Орусия бироонун бизнеси жакшы онугуп баратса алып коет! Дуровдун вк сайтын да ар кандай шылтоолор менен алып койгон, андан сон телеграм ачты аны да азыр болушунча откон кеткенди аралаштырып жабууну коздоп турат! Дуровду жайына койбогону учун ал башка олкого кетууго мажбур болгон.Себеби Орустар кобунчо вк сайтында отуруп президент ж/а анын пешкаларын,олкону талап тоноо боюнча айыптап ар кандай добуштар откорулуп келген! Бул аларга конечно жакпайт, 1 смс учун камап жататко)
27.06.2017. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ким жардырган так малымат барбы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: