Токтогул районунда жүк ташуучу унаа көпүрөдөн сууга түшүп, бир адам жабыркады
Токтогул районунда Мерседес үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа көпүрөдөн сууга түшүп, бир адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Кырсык Бишкек-Ош жолунун 210-чакырымында орун алды. Унаанын ичинде айдоочу менен кошо 2 жүргүнчү болгон. 1986-жылы туулган Н.М. аттуу тургундун оң колу жана оң буту сынган. Жабыркагандар куткаруучулар тарабынан унаадан чыгарылып, "Тез жардам" кызматына өткөрүлүп берилди", - деп айтылат маалыматта.
Окуя 27-июнь күнү саат 02:00дөр чамасында болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:33
2025-07-17
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.