Оштогу Ак-Буура дарыясына чөгүп кеткен 6 жаштагы кыз изделүүдө

Оштогу Ак-Буура дарыясына чөгүп кеткен 6 жаштагы кыз изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 28-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
ӨКМнын маалыматына караганда, окуя кечээ, 27-июнь күнү болжол менен саат 17:32 чамасында болгон. Анда Ак-Буура дарыясына 2011-жылы туулган кыз чөгүп кеткен.
"Кечээ куткаруучулар тарабынан издөө иштери жүргүзүлдү. Бирок табылган жок. Издөө иштери бүгүн да уланат", - деп билдиришти ӨКМдан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:33
2025-07-17
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.