super.kg logo

Текебаевдин сотунда негизги күбө Алексей Модин жанында алып жүргөн 300 миң доллар кайсы түстөгү баштыкта болгонун эстей албады

 

Бүгүн, 28-июнда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум өтүп жатат.

Анда негизги күбө катары көрсөтмө берген орусиялык ишкер Алексей Модинге Текебаевдин жактоочулары суроолорун беришти. Андан "300 миң доллар кайсы түстөгү баштыкта болгон?" деп сурашканда, ал эстей албаганын айтты.

"Бул акчаны Талант Маматкеримов мага же Чотоновго бериш керек деп ким айтты?" - деп сурады Текебаев.

"Мен акчаны эсептеген эмесмин. Акча Маматкеримовго берилгенден кийин андан ары кимге, качан, кандай максатта берилгени белгисиз. Биз анын иш бөлмөсүндө "Альфа телеком" боюнча талкуулаган эмеспиз", - деп жооп берди Модин.

Ошондой эле Алексей Модин Текебаевдин суроолоруна жооп берип жатып, Максим Бакиев менен жолукканын тастыктады, бирок канча жолу жолугушканын эстей албай койду.

Суроолорго жооп берип жатып, Модин "Мегакомдун" башчысы кызматын ээлөөгө кызыкдар болгонун айтты. "Бул маселени Маматкеримов менен талкуулаганбыз, ошондуктан менде компанияны башкарууга ыйгарым укуктарым болуш керек деп ойлогом", - деди Модин.

Мындан тышкары ал Маматкеримов Чотоновдун тууганы болгонун айтса, Чотонов Маматкеримов анын айылдашы болгонун айтып, Модиндин сөзүн четке какты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
28.06.2017. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кубо болгондон уялбайбы
28.06.2017. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
просто каша(((
28.06.2017. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Урматтуу сот окулдору Текебаев,Чотоновко,Жапаровко ачык акыйкат чындык,туура чечим чыгарып беришинерди эл кутуп жатат!Бул кундорда отот,кетет тарых оз баасын берет
28.06.2017. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Уят, уят бийликтегилер жана сот системасындагылар озунордун эле абийиринерди тогуп жатасынар , жалганчы куболордон корсотмо алып . Алаканга салгандай баары корунуп туратко Элдин каргышынан жана Аллах Тааламдын акыретинен корккулачы жок легенде .
28.06.2017. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Текебаевти ак дегенге кошулбайт элем анткени бир дагы ак иштеген чиновник жок принципи баардыгына эле иш козгосо болот .бирок ... . четинен тазалаш керек кимдин ким экенин ачыктап былык иштерин ачып.бир аз убакыт отсо бийлик алмашат жаны бийлик дагы улантса мурунку бийликтегилердин жегенин кайра кустурганын.
28.06.2017. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Текебаев 25 жылда эмне кылып берди,кыйратып койгонсуп суйлойт экенсинерда.Туугандарына жаман дечи бирок.Ушунча жеп ичкенден кийин тынч эле жатпайбы ар кимге тийише берип
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: