super.kg logo

Текебаевдин сотундагы күбө: "Чотонов менен Маматкеримов экөө тууган деп ойлоп жүргөм"

 

Бүгүн, 28-июнда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум өтүүдө. Учурда "Нур Телеком" компаниясынын юристи болуп иштеген Руслан Оңолбеков көрсөтмө берүүдө.

"Мен 2010-жылы Апрель окуясынан кийин Модин аркылуу Маевский менен байланышкам. Ал менен "Мегакомдун" ишмердүүлүгү жөнүндө сүйлөшкөнбүз. Модин "Мегакомго" жетекчилик кызматка иштегиси келген, Маевский бул компанияны сатып алгысы келген. Кийин ресторанда жолукканбыз. Ал учурда Маевскийдин жанында жан сакчысы болгон. Ал эми мени Чотонов менен Маматкеримов тааныштырган. Бул экөө тууган деп ойлоп жүргөм. Маматкеримов 500 миң еврону Текебаевге бергем деп калчу, бирок толук билбейм. 1 миллион доллар тууралуу массалык маалымат каражаттары аркылуу уктум. Ага чейин уккан эмесмин", - деди Оңолбеков.

Эскерте кетсек, 25-февралда Башкы прокуратура Ө.Текебаевге жана Д.Чотоновго кылмыш ишин козгогон. Башкы көзөмөл органдын маалыматы боюнча аларга орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин арызынын негизинде иш козголгон. Маевский өз арызында Текебаев "Мегаком" иши боюнча 1 миллион доллар алып, аны кайтарбай койгонун айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
28.06.2017. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бунусу келип башка соз суйлоп ататко эми, Биздин куудулдардан жардам сурасанар болмок ушул кунго келип жыйынтык жок, бир кансертти коро берип эл тажады, жогору жактагылар уюлбады же ырдашты билбеген соттордун бети кызарбады.
28.06.2017. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элдин,жердин тагдырдын чай ичип отуруп эле чечишет экен да.Кайрандар,просто жинин келет
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: