super.kg logo

Сотто Абдырахманов: "Мен Өмүрбек Текебаевге кылмыш иши козголгонун сыналгы көрүп жатып билдим"

 

Бүгүн, 28-июнда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум өттү. Анда экс-депутат Өмүрбек Абдырахманов көрсөтмө берди.

Ал өз сөзүндө Өмүрбек Текебаевге кылмыш иши козголгонун сыналгы көрүп жатып билгенин айтты. "Мен акыркы убакытта саясатка да аралашпай койдум. Иш менен алек болуп Бишкекке да келбейм", - деди Абдрахманов.

Андан соң Текебаевдин жактоочулары ага төмөнкүдөй суроо берди. "26-февралда Абдырахманов УКМКда көрсөтмө берип жатып Алексей Модин менен беттештирүү иштеринде болдум дептирсиз. Сиз ошол күнү кайсы Модинди көрдүңүз эле?" - деп сурашты адвокаттар.

"Кадимки Модин, мен аны Текебаевдин иш бөлмөсүнөн көргөм", - деп жооп берди күбө.

"Сиз калп айттыңыз, себеби ошол күнү сиз көрсөткөн сааттарда Модин биз менен болчу. Аны тергөөчү да тастыктайт", - деп жактоочулар айтышканда, Абдрахманов: "Мен билбейм аны, эми убактысын тергөөчү коюп коё берет да", - деп жооп кайтарды.

Кийинки сот отуруму эртең саат 09:00дө уланмакчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
28.06.2017. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Тообо кылдым кудайдан коркпойле жалганды балп эттире беришет экенда.
28.06.2017. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
ашанын башы айланып баратат. Сак болгула ашадан
29.06.2017. 00:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Атамбаев айткан куболор Текебаевдин алдында созунон адаша башташты. калптын казаны кайнабайт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: