super.kg logo

Леонид Маевский сотто: "Мен берген акчаны Модин Текебаев менен Чотоновго тапшырган"

 

Өмүрбек Текебаевдин үстүнөн арызданган Леонид Маевский сотто көрсөтмө берүүдө.

Текебаев менен Бишкектен жолуккандан кийинки жагдайды айтып берүүдө. "Чотонов менен акча тууралуу сүйлөшкөнбүз. Кийин мен Москвага кеттим. Бишкекке бир, эки күн гана түнөп калчумун. Мен Москвага кайтып барып чечим кабыл алдым. "Мегакомдун" жетекчилик кызматын алмакчы болгонбуз, ал кызматка мен Модинди коймокчу болгом. Себеби ал Кыргыз мамлекетин жакшы билчү, ага ишенчүмүн. Чотонов мага чалып шаштыра берди. 300 миӊ долларды Модин Текебаев менен Чотоновго берген. Текебаев менен Чотонов акчаны алганын мага ырасташкан. Кийин Текебаев Москвага барган. Мен Текебаев менен кеӊсемде жолугушуп жалгыз сүйлөшкөнбүз. Сентябрдын аягына чейин, башкача айтканда, эки жуманын ичинде компанияда үлүшкө ээ болууну пландаганбыз. Текебаев 700 миң долларды бербесең жумушту бүтүрбөйм деп туруп алган. Акчаны берип жибергем. Кийин Текебаевге чалсам акчаны алдык, баары жайында деп айткан", - деди Маевский.

"Текебаев убаданы аткарам деп көпкө создуктурду. Мен чалган учурда "бизде азыр саясий күрөш жүрүп жатат, күтө тур биз бир жыл эмес көп жыл иштешебиз" деп туруп алды. Макул болгом. Кийин Бишкекке учуп келип жолугуштук. Телефондорду коңшу бөлмөгө таштап, катуу сүйлөштүк. Убаданы аткарышы керек эле, аткарбай коюшкан", - деп кошумчалады арыздануучу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
29.06.2017. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ал Модин дегени акчаны Маматкеримго бергенмин, дальше кимге, кандай максатта берилгенин билбейм деди эле го. Мунусу Текебаев менен Чотоновго тапшырган дейт.
29.06.2017. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Модин менен Маевскийди бийлик акча берип даярдаардан мурун жакшыраак даярдабаптыр.Экоонун корсотмо бергенине бешиктеги бала да ишенбейт.Кыскасы соттор да башкасы да уят эле болуп жатышат далилденбеген ишти карайм деп
29.06.2017. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Маевский Модинге акчаны берген болсо анда Модин озу иштетип жок кылган же Текебаев кийин ушундай иштер болушун билип колдон колго алдырган.Кийинчээрек сенин колундан алдымбы акчаны? -Жок! деп айтыш учун.Текебаев ушунча жылдан бери токумун жеп буткондур бийликте)))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: