super.kg logo

Текебаев: "Маевский менен 2 жолу жолуккам. Анын максаты Орусиядан колдоо табуу болчу"

 

Бүгүн, 29-июнда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум өтүүдө.

Соттун жүрүшүнда Өмүрбек Текебаев Леонид Маевский менен эмне максатта жолукканын айтып берди.

"Мен Маевский менен 2 жолу жолуккам. Шайлоо алдында түрдүү өлкөлөрдүн жетекчилери менен жолугушуу өткөргөм. Менин Орусияда таанышым жок эле. Бирок Чотонов мага чалып Маевский саясатчылар менен байланышы бар адам экенин айтты. Маевский менен сентябрь айынын 5-6сында жолуккам. Ал 2010-жылы шайлоодо мени менен Орус саясатчыларынын сүйлөшүүсүн уюштуруу милдетин алып, бирок уюштура алган эмес. Маевский менен Текебаевдин жолугушуу максаты Кремлден колдоо табуу болгон", - деди Текебаев.

Ошондой эле ал төмөндөгүлөрдү кошумчалады: "Декабрдын аягында Текебаев менен Маевский жолугушкан эмес. 20-декабрда менин туулган күнүм эле. Ал жерде куттуктоочу адам көп болчу. Маевскийден бир тыйын алган эмесмин".

Эскерте кетсек, 25-февралда Башкы прокуратура Ө.Текебаевге жана Д.Чотоновго кылмыш ишин козгогон. Башкы көзөмөл органдын маалыматы боюнча аларга орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин арызынын негизинде иш козголгон. Маевский өз арызында Текебаев "Мегаком" иши боюнча 1 миллион доллар алып, аны кайтарбай койгонун айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
29.06.2017. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Детекторго салыш керек 2сун тен
30.06.2017. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
RusMos76,
Детектор точный эмесда болбогон эле нерсе
29.06.2017. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Майскийди соттоп камап турмодо чиритиш керек пара бергени учун акчаны контрабандалык жол менен Кыргызстанга алып киргени учун эмнеге биздин соттор менен бийлик мындай жол тутуп жатат?
30.06.2017. 00:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Begmat1992,ашанын айтканын кылтат эртен ошол сотун коргулуктун баарын корот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: