super.kg logo

Сотто прокурор Руслан Абдырахманов менен Нарынбек Идинов кайым айтышты

 

Бүгүн, 29-июнда Бишкектин Октябрь райондук сотунда "Заноза" сайтындагы Алмазбек Атамбаевдин абройуна шек келтирди деген макаланын авторуна байланышкан прокуратуранын доо арызы каралып жатат.
Журналист Нарынбек Идиновдун эртең менен башталган соттук ишин саат 13:00дө башка судья улантты. Себеби Идиновдун Атамбаевге байланыштуу жазган 5 макаласы боюнча ар башка судьялар төрагалык кылып жатышат.
Бул отурумда мамлекеттик айыптоочу Абдырахманов мамлекеттик соттук экспертизанын корутундусун судьяга ишке тиркеп коюусу үчүн берди. Идиновдун жактоочулары бул корутундуну бүгүн биринчи жолу көрүп жатышканын таанышуу үчүн убакыт сурашты. Судья 6 беттен турган корутунду менен жактоочулар таанышып чыгуу үчүн 20 мүнөткө тыныгуу жарыялады.

Судья 20 мүнөткө тыныгуу жарыялап чыгып кеткен маалда прокурор менен Нарынбек Идинов кайым айтыша кетишти. Идинов прокурордун берген корутундусунда тексттин тамгалары көрүнбөгөнүн айтып нааразыланса, прокурор "керек болсо мен силерге муну бербей койсом да болмок, көчүрмөсүн чыгарарда ушундай болсо эмне кылайын?" - деп кыйкырды.

Соттук отурум соңуна чыкты, катчы отурум эртең, 30-июнда уланарын кабарлады.






Сотто прокурор менен журналист кайым айтышты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: