super.kg logo

Мамлекеттик айыптоочу: "Садыр Жапаров облус башчысын барымтага алууга катышкан жана ошол окуядан кийин өлкөдөн чыгып кеткен"

 

Бүгүн, 30-июнь күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда мурдагы депутат Садыр Жапаровдун соту өтүүдө. Соттук отурумдун жүрүшүндө мамлекеттик айыптоочу Садыр Жапаров облус башчысын барымтага алууга катышканын жана ошол окуядан кийин өлкөдөн чыгып кеткенин айтты.

"Жапаров Ысык-Көлдө митинг өткөрүүгө камынып, Саруу айылында айылдын лидерлери менен жолуккан. Митингге көк бөрү ойногон балдарды тартууга аракет кылган. Жапаров облус жетекчиси Эмилбек Каптагаевди барымтага алууга катышкан. Бул аракеттерди Жапаров уюштурган атчан адамдар ишке ашырышкан. Кумтөр маселеси жана андагы насыялар боюнча маселелерди чечип берүүнү талап кылышкан. Талаптар аткарылбаса Каптагаевди өрттөп өлтүрөбүз деп коркутушкан. Облустук администрацияга кирүүгө аракет кылган митингчилерди милиция кызматкерлери курчоого алганда алар туш тарапка качышкан. Жапаров ушул окуядан кийин үй-бүлөлүк шартка байланыштуу деп өлкөдөн чыгып кеткен", - деди мамлекеттик айыптоочу.

Ал эми судья Жапаровго "жогорудагы айыптоолорду моюнуңузга аласызбы?" деди. Ага Жапаров "жалган жалаа, саясий буйрук" деп жооп берди.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 25-мартында Садыр Жапаров Казакстандан Кыргыз мамлекетине киргенде аны чек арадан УКМКнын кызматкерлери кармап кеткен. Ал "бейбаштык", "бийлик өкүлүнө карата зордук-зомбулук көрсөтүү", "барымтага алуу" жана башка беренелер боюнча айыпталууда. 26-мартта Садыр Жапаров Биринчи Май райондук сотунун чечими менен тергөө бүткүчө Бишкектеги №1-тергөө абагына камалган. 6-апрелде Бишкек шаардык соту райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Ал эми 24-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук соту Жапаровду камакта кармоо мөөнөтүн 28-майга чейин узарткан. Бул чечимди Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
30.06.2017. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Качан кармаган Жапаровту ушул убакытка чейин куноосун агвкташа алган жок
07.07.2017. 00:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Gulia89,качып кетсе кантип аныктайт? скайп менен байланышыпбы?
30.06.2017. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Колумдан келсе ХХХ. Эгер таза шайлоо болсо Жапаров жон эле отуп кетмек
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-06-30 17:59:55
07.07.2017. 00:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
aravan.kg,саруулуктарды башаламандыка турткон адам кантип отмок эле?
30.06.2017. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Убагында "Бактылуу беле же Убактылуу" беле окумот да бийликти басып алып, Бакиевди кууп чыгып отуруп алышты деп айтып журушту эле.
07.07.2017. 00:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
CAAT,ошол бакиевтин комиссары болуп мамлекеттик имараттарды арзан сатып алып анан кайра кымбат баада сатып байыган
01.07.2017. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ыссык ..кту жепсинер,күйдүргүлөр.
07.07.2017. 00:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
чыкпайле койсун, ташиев менен келдибековту алдап дарбазадан секиртип озу болсо бронежилет кийип алып эшиктен кирген
07.07.2017. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Belekus,ошол учурда саруунун элин башаламандыка турткон
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: